Өзбекстан менен Катардын эмгек тармагындагы кызматташтыгы — ИА Караван Инфо
Өзбекстан менен Катардын эмгек тармагындагы кызматташтыгы

Өзбекстан менен Катардын мамилеси акыркы жылдары ырааттуу өнүгүп келе жатат. 2023-жылы Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад Оли Сони Өзбекстанга эки жолу барган.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев да өз кезегинде 2023-жылдын октябрь айында Катарга мамлекеттик сапар менен барган.

Кызматташтыктын уландысы катары 3-июнда Өзбекстандын Иш менен камсыз кылуу жана жакырчылыкты жоюу министрлигинде Катардын Эмгек министри Али бин Самих аль-Марри жетектеген делегация мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү. Негизги көңүл Өзбекстандан Катарга жумушчу күчүн тартууга бурулду.

2023-жылдын 6-июнунда Самарканд шаарында эки өлкөнүн өкмөттөрү “Катар мамлекетинин аймагындагы жумушчу күчүн ишке орноштурууну жөнгө салуу жөнүндө” макулдашууга кол коюшкан. Жолугушууда бул келишимди ишке ашыруу механизмдери талкууланды.

Али бин Самих аль-Марри Катарда медицина, билим берүү, маалымат технологиялары, өнөр жайлык кайра иштетүү, мейманкана кызматтары жана медиа тармактарында чет элдик жумушчу күчкө суроо-талап жогору экенин айтты. Эң чоң көйгөй тил маселеси экени айтылды.

Катардын эмгек министри ошондой эле чет өлкөдөн келген жумушчулардын укуктары мамлекет тарабынан ишенимдүү корголорун, бул «Катар Vision 2030» программасында чагылдырылганын белгиледи. Мындан тышкары, социалдык камсыздоо, медициналык камсыздандыруу, ай сайынкы чыгашалар, чет элдик жумушчулардын транспорт жана жатаканасы толугу менен иш берүүчү тарабынан каржыланарын билдирди. Чет өлкөдө иштеген аялдардын укугун коргоо боюнча комиссия да түзүлдү.

Жыйындын жыйынтыгында эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда миграция маселелери боюнча биргелешкен комиссия түзүү чечими кабыл алынды. Комиссиянын кийинки отуруму Катарда өтүп, анда мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча келишимге кол коюу пландалууда.

Сүрөт: Reuters

error: