Өзбекстанда өзбек-герман бизнес форуму өттү — ИА Караван Инфо
Өзбекстанда өзбек-герман бизнес форуму өттү

5-июнда Ташкентте өзбек-герман ишкерлер кеңешинин сегизинчи жыйынынын алкагында өзбек-герман бизнес форуму өттү.

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов жана Германиянын Экономикалык Чыгыш комитетинин президиумунун мүчөсү Манфред Грундке биргелешип төрагалык кылган иш-чарага эки өлкөнүн алдыңкы фирма жана компанияларынын жетекчилери катышты.

Форумдун алкагында өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүү, түрдүү тармактарда биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча ар тараптуу пикир алмашуу болду.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин жетекчилиги астында системалуу реформалар, анын ичинде бизнес чөйрөсүн мындан ары жакшыртууга багытталган иштер жүргүзүлүп жатканы белгиленди.

Учурда Өзбекстанда Knauf, Papenburg, Falk Porsche, Klaas, Commerzbank, KfV сыяктуу көптөгөн немис компаниялары жана банктары ийгиликтүү иштеп жатат.

Бизнес-форумда катышуучулар жашыл энергетика, маалыматтык технологиялар, транспорт, инфраструктураны өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка тармактарда долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдиришти.

error: