Өзбекстанда «Иннопром Борбордук Азия» өнөр жай көргөзмөсү болуп өттү«Өзэкспоборбор» көргөзмө комплексинде «Иннопром Борбордук Азия» эл аралык өнөр жай көргөзмөсү ишин аяктады.
Иш-чарага Өзбекстан, Россия, Кытай, Беларусь жана Казакстандын өкүлдөрү катышты.

“Борбордук Азиядагы өнөр жай кооперациясы: аймактык багыт” темасындагы пленардык жыйындын жүрүшүндө Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Жамшид Хожаев жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары – Россия Федерациясынын Өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров сүйлөдү.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.
Сүрөт: «Innoprom Central Asia» көргөзмөсүнүн расмий сайты