Өзбекстанда Эл аралык үй-бүлө күнү белгиленди — ИА Караван Инфо
Өзбекстанда Эл аралык үй-бүлө күнү белгиленди

15-май – Эл аралык үй-бүлө күнүнө карата “Үлгүлүү үй-бүлө” төш белгисин, “Жаңы Өзбекстандын үлгүлүү үй-бүлөсү” сынагынын Ташкент шаардык этабынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды, дипломдор жана белектер тапшыруу аземи болуп өттү.

Салтанатта Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Зулайхо Махкамова сөз сүйлөдү.

Өзбекстанда үй-бүлөнү бекемдөө, коомдо үй-бүлөлүк баалуулуктарды жайылтуу жана колдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Үй-бүлөдөгү моралдык чөйрөнү жакшыртууга жана алардын бакубаттуулугун жогорулатууга, ошондой эле аялдарды ар тараптуу колдоого багытталган бир катар укуктук документтер кабыл алынды.

Өзбекстан Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 21-февралындагы тиешелүү жарлыгы менен үй-бүлө институтун чыңдоо жана аялдарды колдоо боюнча өзгөчө милдеттер коюлган.

error: