Өзбекстан 2024-жылдын аягына чейин мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө биометрикалык жеке идентификациялоо ыкмасын (Face-ID) киргизүүнү пландоодо. Бул жаңычылдык президенттин 24-майдагы жарлыгынын алкагында ишке ашмакчы.
Жаңы эрежелерге ылайык, Face-IDди колдонууда жарандардан өздүгүн тастыктаган документтерди көрсөтүү талап кылынбайт.

Июль айынын башынан тарта жарандарды Mobile-ID аркылуу идентификациялоо опциясы мамлекеттик тейлөө борборлорунда ID-картаны жана чет өлкөгө чыгууга биометрикалык паспортту берүүдө бир арыздын негизинде жеткиликтүү болот.
Жарлыкта ошондой эле мамлекеттик тейлөө борборлорунда жана нотариалдык кеңселерде Mobile-IDде алгачкы жана кайталап идентификациялоо акысыз жүргүзүлөт. Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик кызматтарды алуу процессин жеңилдетүүгө жана жарандар үчүн ыңгайлуулукту жогорулатууга багытталган.