Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев 3-майда үчүнчү Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна катышуу үчүн Өзбекстанга келген египеттик «Orascom Investment Holding» компаниясынын төрагасы Нагиб Савиристи кабыл алды.

Жолугушууда өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү жана мурда жетишилген макулдашууларга ылайык биргелешкен долбоорлорду алдыга жылдыруу маселелери талкууланды. Өзбекстандын экономикасынын түрдүү тармактарында, анын ичинде тоо-кен, тамак-аш өндүрүшү, туризмди өнүктүрүү, курулуш, инфраструктура жана башка тармактарда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн түз инвестицияларды тартуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
«Orascom Investment Holding» компаниясынын төрагасы Нагиб Савирис Өзбекстандын экономикасына египеттик инвестициянын көлөмүн көбөйтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди. Эки тарап кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн жана эки өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Сүрөттө: Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги