20-октябрда Молдованын Евробиримдикке кошулуусу боюнча референдум өтөт
Бейшемби күнү Молдова парламентинин жыйынында башкаруучу көпчүлүк республиканын Евробиримдикке кирүү маселеси боюнча референдумду 2024-жылдын 20-октябрына дайындоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мыйзам чыгаруу органынын спикери Игорь Гросу билдирди.

Молдованын президенти Майя Санду экинчи мөөнөткө ат салышуу ниетин былтыр декабрда жарыялап, өлкөнүн Евробиримдикке кирүүсү боюнча жарандардын пикирин билдирүү үчүн референдум уюштурууну сунуштаган. 2024-жылдын 16-апрелинде Молдованын Конституциялык соту өлкөнүн конституциясына евроинтеграция боюнча жоболорду киргизүүнү жана тиешелүү референдумду өткөрүүнү жактырган.
Күзүндө референдум президенттик шайлоолор менен бир күндө өтөт деп пландалууда.