Белгилей кетсек, 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Астана шаарында (Казакстан Республикасы) V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат. Аталган оюндардын салтанаттуу ачылыш аземине жана машыгууга кие турган Кыргызстан курама командасынын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду. Параддык форманы курама команда 8-сентябрь күнү V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземинде кийип...
Кыргызстандын ЖОЖдоруна 45 этникалык кыргыз кабыл алынды
Анын ичинен:* Ош мамлекеттик университетине – 11 абитуриент,* И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына – 8,* Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 5,* И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине – 4,* Б. Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университети – 4,* А. Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети – 3,* М. Адышев атындагы Ош...
Президент Садыр Жапаров Кара-Балтадагы токтоп турган «Жунда» заводун ишке киргизип
Иш-чаранын башында Мамлекет башчыга төрт жылдык (2020-жылдын февраль айынан 2024-жылдын мартына чейин) токтоп калгандан кийин өндүрүш ишин кайра баштаган “Чайна Петроль Компани “Жунда” ЖЧКсынын мунай иштетүүчү заводунун абалы тууралуу маалымат берилди.Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында ишкана капиталдык оңдоодон өтүп, марттын аягында ишке киргизүү иштери ийгиликтүү аяктады. Жылдын акырына чейин завод...
Нуржигит Кадырбеков депутаттык мандатын тапшырат
БШК мүчөлөрүнүн айтымында, арыз бүгүн, 30-августта берилди. Арыз Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында каралат.
Ысык-Көлдө селден жабыркагандарга гуманитардык жаткам жеткирилди
Гуманитардык жардам Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондунан алынып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ӨКМдин кызматкерлери тарабынан өткөрүлүп берилди.Селден жабыркаган жалпы эки райондун тургундарына 21,95 тонна биринчи сорттогу ун, 4,390 тонна кумшекер, 4390 литр өсүмдүк майы жана 8780 банка эт консервасы бөлүнүп берилди.
Кыргызстанда жол белгилери жаңыланууда
Министрликке караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана жыл башынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 11 миң 250 даана жол белгисин жана 8 миң 264 даана катафот чыгарды.Мында биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулгандыктан керектүү материалдардын бардыгы Россиядан жана Германиядан алынып келинүүдө. Ошондой эле, жол белгилердин тирөөчүн полимердик краска менен...
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына 7 жаңы автоунаа тапшырылды
Иш-чарага ички иштер министри милициянын генерал - лейтенанты Улан Ниязбеков, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ыйгарым укуктуу элчиси Сергей Вакунов, министрдин орун басарлары, башкы башкармалыктардын, борбордук аппараттын башкармалыктарынын начальниктери катышты.Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык аракеттерди көрүүдө. Андыктан, ар бир жетекчи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын так сакталышын камсыздап, жер-жерлерде...
Чет өлкөлүк куткаруучулар Кыргызстандын тоолорунда машыгышууда
Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун куткаруучуларынын коштоосунда аскага чыгуу, түшүү жана жабыркагандарга көндүмдөрү окутулууда.Окутуунун алкагында машыгууга Чүй облусунун Чуңкурчак, Татыр тоолоруна, Ала-Арча капчыгайына, Кегетидеги Көл-Төр бийик тоолуу көлүнө жүрүш жасап, куткарууга тиешелүү көндүмдөрдү аткарышты.Буга улай Ысык-Көл дубанындагы Семеновка, Григорьевка капчыгайларында жети мамлекеттен келген куткаруучулар машыгышууда.
Эмгек министри Жылдыз Полотова Эгемендүүлүк күнүнө карата ведомстволук сыйлыктарды тапшырды
Батыш Салиева атындагы сыйлык менен Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча директору Кудайберген Базарбаев жана экс-министр Гүлнара Баатырова сыйланышты.Жылдыз Полотова түшүндүргөндөй, жалпы 25 жылдан бери эки жолу Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри болуп турган Батыш Салиеванын урматына арналган медаль.“Чындыгында ал кыргыз мамлекеттүүлүгүн түзүүгө, бүгүнкү...
Президент Садыр Жапаров клинкер өндүрүүчү “Терек-Таш” заводун ишке киргизди
Бир эле учурда онлайн форматта Мамлекет башчысынын катышуусу менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын майрамдоонун алкагында 40 өнөр жай жана 60 социалдык объектинин ачылышы болуп өттү.
Президент Садыр Жапаров: 100 объекттин курулушу — биз үчүн тарыхый жактан өтө маанилүү учур
Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:“Ардактуу мекендештер!Бүгүнкү салтанаттын урматтуу катышуучулары!Биз быйыл Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 33-жылдыгы менен кошо азыркы Кыргызстан башат алган Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын да салтанаттуу белгилеп жатабыз.Биз үчүн Эгемендик – абдан маанилүү, абдан кымбат улуу күн! Анткени бабаларыбыз дал ушул эгемендик үчүн кашык каны калганча салгылашып, Ата...
Энергетика министрлиги тарабынан 7 жаңы обьектинин ачылышы болду
Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана биринчи орун басары К.Өмүрбеков “Камбар-Ата-1” ГЭСинин туннели толук казылып бүткөндүктөн, ачылыш аземине катышты. Туннелдин бургулоо-жаргылоо жумуштары 2023-жылдын апрель айында башталган. Бүгүнкү күндө толугу менен ийгиликтүү казылып бүттү.Ал эми энергетика министринин орун басары Н.Керимов Ош облусундагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын “Загара-2” көмүр кенинин ачылыш азменине катышты.Ачылышы болгон өнөр...