Нурдин Букуев Футзал ассоциациясынын жаңы президенти болуп дайындалды. – ИА Караван Инфо
Нурдин Букуев Футзал ассоциациясынын жаңы президенти болуп дайындалды.

Нурдин Букуев КР Футзал ассоциациясынын жаңы президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.

Белгилей кетсек, Букуев Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти кызматын да аткарууну улантат.

Маалымат үчүн:

Нурдин Букуев – ФИФАнын футзал боюнча экс-калысы, футзал боюнча дүйнө чемпионатындагы беттештерди эң көп тейлеген калыс катары дүйнөлүк Гиннес рекорддор китебине кирген. Буга чейин Нурдин Букуев КФБнын (мурунку аталышы – ФФКР) түзүмүндө 2009-жылдан бери катардагы адис жана жетекчи болуп иштеп келген.

Эске салсак, буга чейин Футзал ассоциациясынын президентинин кызматын Максатбек Ишенбаев аткарган.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: