Г. Алиев атындагы Аскер институтунда КРнын курсанттарын окутуу маселеси талкууланды – ИА Караван Инфо
Г. Алиев атындагы Аскер институтунда КРнын курсанттарын окутуу маселеси талкууланды

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов аталган өлкөнүн Гейдар Алиев атындагы Аскер институтунун ректору, полковник Умидвар Гулиев менен жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМден кабарлашкандай, тараптар Гейдар Алиев атындагы Аскер институтунда Кыргыз Республикасынын курсанттарын окутуу маселелерин талкуулашты.

Элчи Мамытканов окуп жаткан кыргыз курсанттарынын даярдыгынын жогорку деңгээли жана Институттун жетекчилиги тарабынан аларга көңүл бурулуп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн жана Кыргызстандын жарандары үчүн квоталарды көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Аскер институтунун ректору Умидвар Гулиев Элчини колдоп, кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендигине ишендирип, Кыргызстандык студенттердин ийгиликтерин белгилеп, алардын бири аталган институттун мыкты курсанттарынын жалпы рейтингинде экинчи орунда турарын маалымдады.

Мындан тышкары, элчи аталган окуу жайда окуп жаткан Кыргыз курсанттары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуу шарттары жана студенттерди кызыктырган башка аспектилер талкууланды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: