«Ала-Арча» табигый паркында асма жолдун курулушуна расмий старт берилди – ИА Караван Инфо
«Ала-Арча» табигый паркында асма жолдун курулушуна расмий старт берилди

Бүгүн «Ала-Арча» табигый паркында асма жолдун курулушуна расмий старт берилди. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. 

Анын айтыммына караганда, асма жол инвесторлордун эсебинен курулат. Биринчи этапта 1 чакырым жерге куруу пландалууда. План боюнча күзүндө курулуш иштери толугу менен бүтөт.

«Акыркы жылдары «Ала-Арча» паркында бир топ иштер аткарылды. Жаңы эс алуучу А-фрейм үлгүсүндө үйлөр, ресторан курулуп, эски жол толугу менен асфальтталып, жаңы жарыктандыруу орнотулду. Парктагы мейманканаларда капиталдык оңдоо иштери жүрдү», – деди ал.

Туманбаев «Ала-Арча» паркы азыркыдай жаратылыштын асыл мурасы гана эмес, заманбап, ыңгайлуу жана дүйнөлүк деңгээлдеги эс алуу жайына айлана тургандыгын кошумчалады.

«Быйыл паркка кирген автоунааларга чектөө киргизилет, азыр 2000 орундуу унаа токтоочу жай курулуп жатат. Келечекте парктын ичинде электромобилдер ишке киргизилет, бул табигаттын тазалыгын сактоого жана эс алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүүгө жардам берет», – деди Туманбаев.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: