Коррупция фактысы боюнча “Кыргызиндустрия” ААКсынын мурдагы жетекчиси кармалды, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 24-январында УКМК тарабынан “Кыргызиндустрия” ААКсынын жооптуу кызмат адамдарына карата коррупция фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Аталган кылмыш ишин козгоого республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн “Кыргызиндустрия” ААКнын ишмердигин комплекстүү текшерүүнүн материалдары негиз болгон.
Натыйжада өнөр жайды модернизациялоону камсыз кылуу жана мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдорду натыйжалуу башкаруу максатында 2021-жылдын аягында Министрлер Кабинети тарабынан “Кыргызиндустрия”ААК түзүлгөндүгү аныкталган.
Аталган коомдун алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу максатында 2022-2024-жылдар аралыгында республиканын бюджетинен 2,3 млрд.сом бөлүнгөн.
Бирок, “Кыргызиндустрия” ААКнын айрым кызмат адамдары жеке кызыкчылыктарын көздөп, туунду компаниялар аркылуу бюджеттик каражаттарды ыйгарып алуу жана коротуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөн.
Алсак, 2022-жылдан 2024-жылга чейин «Кыргызиндустрия» ААК тарабынан 40тан ашык чыгашалуу ишканалар түзүлгөн жана каржыланган, аларга бөлүнгөн финансылык салымдар кайтарылгыс болуп калган.
Алгачкы тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында «Кыргызиндустрия» ААКнын жетекчилиги мыйзамсыз баюу, өздөрүнө жана жакын туугандарына ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча жеке кызыкчылыгын көздөгөн деп айтууга болот.
Анткени компаниянын түзүмүндө жетекчилик кызматтардын негизсиз көп саны каралып (75 кызматкердин ичинен 33ү жетекчи), аларга эмгек акылары жогору болгон туугандары, достору жана жакын санаалаштары дайындалган.
Жетекчилик жана аларга өзгөчө жакын кызматкерлер бир эле мезгилде “Кыргызиндустрия” ААКда жана туунду компанияларда кызмат орундарын ээлеп, эмгек акы алышкандыгын белгилей кетүү керек.
Мамлекеттик ресурстарды натыйжасыз башкаруунун, сарамжалсыз пайдалануунун натыйжасында, аларды атайылап ысырап кылуу жана коомду өнүктүрүү стратегиясына декларативдик мамиле кылуу мамлекетке өзгөчө ири зыян келтирүүгө алып келген жана анын так өлчөмү белгиленет.
Бүгүнкү күндө “Кыргызиндустрия” ААКнын мурдагы президенти А.Ж. жана вице-президенти Б.Б. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Белгиленген мөөнөттө аларга айып тагылып, сот тарабынан баш коргоо чарасы каралат.
Тергөө иштери жүрүп жатат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/