Депутаттар Ноокен районундагы жаңы мектептин ачылышына катышты – ИА Караван Инфо
Депутаттар Ноокен районундагы жаңы мектептин ачылышына катышты

Жогорку Кеңештин депутаттары Шарапаткан Мажитова, Талант Мамытов Ноокен районунун Жаңы-Арык айылындагы 275 орундуу №35 Шамшидин Суеркулов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин ачылыш аземине катышты. Иш-чарада жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, айыл тургундары да болушту.

Аталган 275 орундуу жаңы мектептин курулушу 2023-жылдын март айында башталган. Буга чейин окуучулар эскилиги жеткен имаратта билим алууга аргасыз болушкан.

Эл өкүлү Шарапаткан Мажитова жаңы мектеп билим берүү инфраструктурасын жакшыртууга жана келечек муундар үчүн билим алууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган маанилүү аракет экенин белгилеп, мектепке заманбап үлгүдөгү 2 даана телевизор, проектор жана интерактивдуу доска тапшырды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: