Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында кыргызстандык режиссер Руслан Акундун «Бейиш – эненин таманында» көркөм тасмасынын сынактык көрсөтүүсү болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Көрсөтүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси Анвар Анарбаевдин тасманы Малайзияда жайылтуу укугуна ээ болгон малайзиялык ATriNaga дистрибьютор компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуусу болуп өттү. Жыйынга режиссер Руслан Акундун продюсердик тобунун өкүлдөрү да катышты.
ATriNagaнын маалыфматына ылайык, тасма 2025-жылдын 13-февралынан тарта Малайзиянын бардык ири шаарларында көрсөтүлөт. Тасма кыргыз тилинде, малай жана англис тилдеринде субтитрлер менен күрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, ATriNaga тасманы 2025-жылдын февраль жана март айларында Индонезияда, Сингапурда жана Брунейде чыгарат.
«Бейиш – эненин таманында» тасмасынын Малайзияда жана башка региондордо көрсөтүлүүсү кыргыз тасмасынын тарыхында биринчи жолу Түштүк-Чыгыш Азияда кеңири прокатка чыккан тасма болуп калат
Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги тасманын прокатка чыгуусуна маалыматтык колдоо көрсөтүп жатат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/