Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 2025-жылга коюлган милдеттер тууралуу айтып берди – ИА Караван Инфо
Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев 2025-жылга коюлган милдеттер тууралуу айтып берди

Борбор калаада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында «Бишкек шаарынын 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга коюлган милдеттери» жөнүндө мэриянын коллегиясынын жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 2025-жылга коюлган милдеттер тууралуу айтып берди.

“Биздин шаарыбыз кеңейип, калктын саны жыл сайын өсүүдө.   Алдыбызда жаңы маселелерди чечүү, жаңы иштерди аткаруу милдети турат. 2025-жыл Бишкек шаары үчүн чоң өзгөрүүлөрдүн жана жаңы ачылыштардын жылы болушу керек. Биздин максат – Бишкек шаарынын ар бир тургуну сыймыктануу менен жашай турган, заманбап, кооз, коопсуз жана жашоого ыңгайлуу шаарга айландыруу”,-деп белгиледи борбор калаанын башчысы.

Буга байланыштуу, өнүгүүнүн негизги багыттары аныкталып, маселелерди ыкчам жана орду менен чечүү максатында Бишкек мэриясынын иш-аракеттер планы кабыл алынды.

Мэриянын иш планы 9 негизги багытты жана 100 конкреттүү иш-чараны камтыйт.

Негизги милдеттер жөнүндө кыскача:

Бишкек шаарынын негизги милдеттеринин бири – жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү жана коюлган максаттарды натыйжалуу чечүү.

Мэр: “Өзүңүздөр көргөндөй биз бюджетти 2024-жылы өзүбүз бекитип, 100 пайыздан ашык аткардык.  Мунун артынан биз көптөгөн көйгөйлүү маселелерди чечип, ири долбоорлорду ишке ашырууга жетиштик. 2025-жылга бул көрсөткүчтү андан ары жогорулатуу максаты коюулуда”, – деп кошумчалады.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: