Бишкекте 336 трансформаторлор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт – ИА Караван Инфо
Бишкекте 336 трансформаторлор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт

Бишкекте 336 трансформаторлор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт, деп билдирет Энергетика министрлиги.

“КУЭТ” ААКтын филиалы Бишкек электр тармактар ишканасы өз керектөөчүлөрүн ишенимдүү электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатуу үчүн 48 жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунда техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзөт, “Орто-Алыш”, “Көк-Жар”, “Кыргызская” көмөк чордондорунда 3 даана кубаттуулугу 25 МВА күч трансформаторлорун кубаттуулугу 40 МВА болгон күч трансформаторлоруна алмаштырышат.

Ошондой эле, Бишкек электр тармактар ишканасы 3063,5 км 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы электр чубалгыларын оңдойт, 336 трансформаторлорду капиталдык оңдоодон өткөрөт жана 1917 комплекттүү трансформатордук көмөкчордондорду кезектеги оңдоодон өткөрөт.

Мындан тышкары 10/6-0,4 кВ чыңалуудагы 6,14 км кабелдик чубалгыларын реконструкциялоо жана 35,8 км эскирген алюминий аба чубалгыларын СИП-зымдарына алмаштыруу иштери пландалууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: