Кыргызстанда чоң масштабда «Жөө жүргүнчү» рейди башталды – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда чоң масштабда «Жөө жүргүнчү» рейди башталды

Кыргызстандын аймагында 27-январдан тарта 1-февралга чейин чоң масштабда «Жөө жүргүнчү» аталышындагы рейд башталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлайт.

Башкы максат жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат.

Рейд учурунда чоң жолду кесип өткөн, чоң жолдорго чуркап чыккан, жол тосмолордон ашып өткөн жөө жүргүнчүлөргө жана жөө өтмөктөн жөө жүргүнчүлөргө жол бошотуп бербеген айдоочуларга көзөмөл күчөтүлүп, жоопкерчиликтери каралат.

Эскерте кетсек; Кыргыз Республикасынын Укук бузуу кодексинин 190-беренесине ылайык, туура эмес жерлерден өткөн жөө жүргүнчүлөргө 1000 сомдон ал эми жөө өтмөктөрдөн жол бошотуп бербеген айдоочуларга 3000 сомдон айып пул каралган.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөө жүргүнчүлөрдү  өздөрүнүн коопсуздугу үчүн  жол чырактардан жана жөө өткөөлдөрдөн гана өтүүнү суранат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: