Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев бүгүн, 27-январда Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Лю Цзянпинди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
КРнын Тышкы иштер министрлигинин башчысы Кытай Эл Республикасынын Элчисин жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргызстандагы жаңы дипломатиялык миссиясына ийгиликтерди каалады.
Ал кыргыз-кытай ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары бекемдөө үчүн КЭРдин Бишкектеги Элчилиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен тыгыз өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Министр Лю Цзянпин эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга олуттуу салым кошоруна ишеним билдирди.
Өз кезегинде, Лю Цзянпин Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү, КЭР тышкы иштер министри Ван Инин атынан Министр Жээнбек Кулубаевге салам айтты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар алдыдагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги эки тараптуу иш-чараларга байланыштуу маселелерди, ошондой эле саясий жана соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-кытай мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Көп тараптуу форматтардын алкагында өз ара аракеттенүүгө жана Кыргызстандын аймагында биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/