Кыргызстан алыскы аймактарда медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн санариптик саламаттыкты сактоо технологияларын киргизүүдө – ИА Караван Инфо
Кыргызстан алыскы аймактарда медициналык тейлөөнү жакшыртуу үчүн санариптик саламаттыкты сактоо технологияларын киргизүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган Кыргызстандын делегациясы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Москвага расмий иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында санариптик медицина тармагында алдыңкы чечимдерди иштеп чыгуучу SberMedAI компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстанда компакттуу медициналык комплекстерди – «Санарип ФАПтарды» киргизүү чечими кабыл алынды. Бул приборлор заманбап диагностикалык жабдуулар, анын ичинде электрокардиографтар, пульсоксиметрлери, кан жана заара анализаторлору, ошондой эле алгачкы диагностика үчүн башка аспаптар менен жабдылган көчмө кейс. «Санариптик ФАПтар» квалификациялуу медициналык адистер жетишсиз болгон өлкөнүн алыскы жана жетүүгө кыйын аймактарында медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүктү кыйла жакшыртат.

Кошумчалай кетсек, саламаттыкты сактоону санариптештирүүнүн алкагында бул жабдуулар иштелип жаткан Sanarip Clinic маалымат системасына, атап айтканда бейтаптын электрондук амбулаториялык картасы менен туташтырылат. Бул реалдуу убакыт тартибинде дарыгерлерди керектүү маалымат менен камсыз кылып, медициналык маалыматтарды эффективдүү башкарууга мүмкүндүк берет.

Программанын алкагында 200 «Санарип ФАПты» сатып алуу пландаштырылууда, алар өлкөнүн бардык аймактарына таркатылат.

«Мындай технологияларды ишке киргизүү алыскы аймактардагы бейтаптарды диагностикалоону жана дарылоону жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. Бул демилге Кыргыз Республикасында санариптик саламаттыкты сактоону өнүктүрүү жана баштапкы медициналык-санитардык жардам системасын чыңдоо стратегиясынын бир бөлүгү болуп калат”, – деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Жакынкы айларда аймактарга алгачкы комплекстердин жеткирилиши күтүлүүдө.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: