Коңшу Тажикстан менен чек ара маселеси дээрлик бүтүп калды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров “Кабар” мамлекеттик агенттигине берген маегинде айткан.
Анын билдирүүсүнө караганда, эки тараптуу кагаз иштери жүрүп жатат.
“Кагаз иштери бүткөндөн кийин алгач эки өлкөнүнүн өкмөттөр аралык комиссиясы, андан кийин тышкы иштер министрлери кол коюшат. Андан соң нота алмашуу болот. Андан кийин дагы 1-2 жыл демаркация иштери жүрөт. Ошондон кийин гана толук бүтөт. Эң негизгиси, эки тараптуу макулдашууга жетиштик”, – деди.
Мамлекет башчысы журналисттин “кыргыз-тажик чек ара маселеси кайсы тараптын пайдасына чечилди” деген суроосуна, эки өлкөнүн ортосунда чек ара маселеси чечилип жаткан жерде бир тараптуу кызыкчылык өтпөйт деп жооп берген.
“Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыгы камтылган кезде маселе чечилет. Миң километрге жакын чек ара тилкебиз бар. Ошол тилкелердин көптөгөн жерлеринде талаш-тартыш жерлер болгон. Алардын баарын теңме-тең чечкен учурлар болду.
Андан сырткары, чектеш айылдарыбызда шахматтын доскасы сыяктуу жайгашып калган үйлөр бар. Аларды да түздөп сыздык. Антпесек чек ара кайтарууда эки тарапка тең абдан ыңгайсыздык жаратат. Эгер биз тарапка өтүп калган Тажикстандын үйлөрү болсо, тажик тарап аларды көчүрүп кетет, эгер биздин тажик тарапка өтүп калган үйлөрүбүз болсо, биз көчүрүп кетебиз. Башка жерге үй салып беребиз. Жер аянттарынын көлөмүн да эске алдык.
Кыскасы, ар бир огороддун бир метр жерин эсепке алуу менен маселелер чечилди. Демаркация иштери жүрө баштаганда, толук маалымат алышат”, – деген Садыр Жапаров.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/