Facebook социалдык тармагында Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Куванычбек Конгантиев “Алтын-Булак” пансионатынын жер тилкеси жөнүндө маалымат жарыялаган.
Ал жердеги тексттин мазмуну коомчулукту бүдөмүк ойго салууда, анткени биринчи бөлүгүндө пансионат ижарага берилип жатканы белгиленет, ал эми аягында анын сатылып жатканы ырасталат.
Бул объект сатыкка коюлган эмес. Ал 5 жылдык ижара мөөнөтү менен аукционго коюлган.
Көз карандысыз эксперттин баасына ылайык, ижара акысынын бир жылдык суммасы 6 583 000 сомду түзөт. Бир айлык ижара акысынын болжолдуу суммасы – 548 583,30 сом.
Белгилей кетсек, жаңы объектилердин курулушу көптөгөн каражаттарды талап кылат, ал эми бул каражаттар жергиликтүү бюджетте каралган эмес.
Ошентип, буга чейин Капиталдык курулуш башкармалыгы пансионат куруу боюнча долбоор иштеп чыккан, анда долбоордун сметалык наркы 750 млн сом өлчөмүндө аныкталган.
Муниципалдык менчикти рационалдуу пайдалануу максатында аталган пансионатка инвестиция тартуу иштерин жүргүзүү чечими кабыл алынды.
Ижара келишиминин шарттарына ылайык, ижарачы төмөнкүлөрдү аткарууга милдеттүү:
– Ысык-Көл району, Сары-Ой айылында жайгашкан “Алтын Булак” пансионатынын аймагындагы муниципалдык имараттарды, курулмаларды бузуу;
– Кыргыз Республикасынын архитектура жана шаар куруу жөнүндөгү мыйзамдарына ылайык пансионатты куруу;
– Курулган бардык имараттар жана курулмалар ижара келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин муниципалитеттин балансына өткөрүлүүгө тийиш (9-пункттун типтүү келишимине ылайык – өз милдеттерин тиешелүү түрдө аткарган ижарачы, ушул Келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин башка адамдарга караганда жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүү укугуна артыкчылыкка ээ);
– Курулган бардык курулуштар жана имараттар ижара келишиминин мөөнөтү бүткөндөн кийин муниципалитеттин балансына өткөрүлүүгө тийиш (9-пунктагы келишимге ылайык – Өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарган ижарачы ушул келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин, башка тең шарттардагы жактардан жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө укуктуу).
– Бишкек шаарынын мэриясынын жана анын түзүмдөрүндөгү кызматкерлерге жеңилдетилген шарттарда ижарачы тарабынан түзүлгөн тизмеге ылайык, жылына 50 орун берүү.
Бишкек шаарынын мэриясынын 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Президенттик Администрациянын Жетекчиси Адылбек Касымалиев инвесторлорду тартуунун жана инвестицияларды тартуу үчүн зарыл шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.
Кыргыз Республикасынын “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргызстандын интернет мейкиндигинде туура эмес (жалган) маалыматтарды жайылтууга жол берилбейт.
Болбосо, Бишкек шаарынын мэриясы аталган мыйзамдын талаптарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү укугун өзүнө калтырат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/