“Менин насаатчым” программасынын алкагында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин, Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери жана мугалимдер арасынан тандалып алынган насаатчы-машыктыруучулар үчүн эки күндүк тренинг өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнөн билдиришти.
Иш чаранын негизги максаты – “Менин насаатчым” программасынын туруктуулугун камсыздоо. Бул үчүн “Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” инструментин колдонуу менен пилоттук мектептерде насаатчылык маданияты бекемделет. Натыйжада окутуунун сапаты жакшырат.
Пилоттук долбоор үчүн Бишкек шаарынан жана Сокулук районунан 60 мектеп тандалып алынган. Ар бир мектептен 2 мугалим жана 1 насаатчы тандалып, алар мугалимдерге кесиптик колдоо көрсөтүп, окутуу методикасын өркүндөтүүгө жана өнүгүүгө жардам берет.
Сабактарды баалоо методикасы төрт негизги чөйрөнү камтыйт:
Тренинг насаатчылар менен мугалимдердин кызматташтыгын бекемдеп, пилоттук мектептерде билим берүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт.
Сыноо иштердин жыйынтыгында мектептер аралык практикумдар өткөрүлөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/