Шашылыш билдирүү! Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлүүдө
Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү коркунучу күтүлүүдө, деп кабарлайт ӨКМдин басма сөз кызматы.
Кыргызгидромет кызматынын 2025-жылдын 30-январынан 1-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-50,74-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусуна;
Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 60-110-чакырымдарында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/