Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Казакстанга барат – ИА Караван Инфо
Адылбек Касымалиев жумуш сапары менен Казакстанга барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, 2024-жылдын 30-31-январында жумуш сапары менен Алматы шаарына (Казакстан Республикасы) барат.

Жумуш сапарынын алкагында минкаб башчысы Евразиялык Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Ошондой эле жыл сайын өтүүчү “Digital Almaty 2025” санариптик форумунда сөз сүйлөйт.

Мындан тышкары, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: