Бүткүл дүйнөлүк гемофилия федерациясы Кыргызстандагы гемофилия менен ооруган бейтаптарга колдоо көрсөтүүнү улантат – ИА Караван Инфо
Бүткүл дүйнөлүк гемофилия федерациясы Кыргызстандагы гемофилия менен ооруган бейтаптарга колдоо көрсөтүүнү улантат

2025-жылдын 27-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов Бүткүл дүйнөлүк Гемофилия федерациясынын (WFH, Канада) Медициналык жана гуманитардык жардам боюнча директору доктор Ассад Хаффар менен жолугушту.

Жолугушуунун негизги максаты КР Саламаттык сактоо министрлиги менен WFH ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле гемофилия менен ооруган бейтаптарды мындан аркы колдоонун келечегин талкуулоо болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө эл аралык кызматташтыктын негизги маселелери, анын ичинде гемофилия менен ооруган бейтаптарга гуманитардык жардам көрсөтүү программасын кеңейтүү, көрсөтүлүүчү жардамдын көлөмүн көбөйтүү перспективалары, мамлекеттик деңгээлде антигемофильдик факторлор менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана бул оору менен ооругандарды колдоо үчүн улуттук программаны бекемдөө талкууланды. Бул талкуулар Кыргызстандагы гемофилия менен ооруган бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртууга жана алардын керектүү медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Кыргызстанда гемофилия диагнозу коюлган бейтаптарга 15 жылдан ашык убакыттан бери Бүткүл дүйнөлүк Гемофилия федерациясы тарабынан берилген кандын уюшу факторунун концентраттары түрүндөгү өтө маанилүү гуманитардык жардам көрсөтүлүп келет. Бул мезгилдин ичинде республикага коагуляциянын VIII, IX жана VII факторлору бир кыйла өлчөмдө жеткирилди, бул 400 оорулууну өз убагында дарылоого мүмкүндүк берди. Гуманитардык жардамдын аркасында бейтаптар татыктуу жашоого жана керектүү медициналык жардамга ээ болуп келишет.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: