Кыргызстанда жол белгилерин жаңылоо иштери уланууда – ИА Караван Инфо
Кыргызстанда жол белгилерин жаңылоо иштери уланууда

Кыргызстандын аймагындагы жолдорунда эскилиги жеткен жол белгилерин жаңылоо жана жетишсиз жерлерге орнотуу иштери жүрүүдө.  Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, жумуштар министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түндүк” жана “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан аткарылууда. 

Белгилей кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Өндүрүштүк-инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин алдында ачылган устакана 2024-жылы жалпы 15 миңден ашык жол белгисин чыгарган.

Мында биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулгандыктан керектүү материалдардын бардыгы Россиядан жана Германиядан алынып келинүүдө. Ошондой эле, жол белгилердин тирөөчүн полимердик краска менен боей турган атайын жабдуулар алынып, алар толук кандуу иштеп жатат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: