Бишкекте күн мурун “Кинопрокаттын келечеги: улуттук кинорынокту өнүктүрүү жана тил саясаты” атуу тегерек стол өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.
Иш чарага маданият министри Алтынбек Максутов, Кыргызстандын кинотеатрлар ээлеренин ассоциациясынын өкүлдөрү жана министрликке караштуу Кинематография департаментинин кызматкерлери катышты.
“Бүгүн биз жөн гана пикир алмашпайбыз, биз келечектеги демилгелердин негизин түзүп жатабыз, алар 2030-жылга чейин кинематографияны өнүктүрүүнүн концепциясын түзүүгө багытталат”, — деди министр.
Тегерек столдун программасы ар тараптуу болуп, чет өлкөлүк тасмалардын кинорынокту өнүктүрүүдөгү ролу, улуттук кинематографиянын келечеги жана тил саясатынын киного тийгизген таасири талкууланды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/