Таласта 37 миңге жакын акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери башталды – ИА Караван Инфо
Таласта 37 миңге жакын акылдуу эсептегичтерди орнотуу иштери башталды

Талас электр тармактар ишканасы Манас, Бакай-Ата, Айтматов жана Талас райондорунда жалпы 36 742 даана акылдуу эсептегич орнотуу иштерин баштады. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлайт.

Талас районунун тургундары үчүн 10 842 даана, Манас районунда 5 600 даана, Бакай-Атада 7 800 даана жана Айтматов районунда 12 500 даана акылдуу эсептегич орнотулмакчы.

Бул иш-чара электр энергиясын колдонуу боюнча так маалыматтар алууга жана чыгымдарды башкарууга жардам берет.

Эске салсак, 2024-жылы Талас шаарына 6 092 даана акылдуу эсептегич орнотулган.

Жаңы акылдуу эсептегичтер техникалык жана коммерциялык жоготууларды азайтып, электр энергиясынын сапатын жогорулатып, керектөөчүлөргө жакшы шарттар түзүүгө көмөк берет.

Акылдуу эсептегичтер – бул энергияны текшерүү жана башкаруу тармагындагы жаңы деңгээл.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: