Казакстан Республикасынын өнөр жай жана курулуш министри Канат Шарлапаев Кореянын Геология илимдери жана минералдык ресурстар институтунун (KIGAM) президенти Сокжун Ли жана SK ECOPLANT компаниясынын вице-президенти Паик Хансон менен жолугушту.

Кореялык компаниялардын өкүлдөрү ишке ашырылып жаткан долбоорлор жана мүмкүн болуучу кызматташуунун келечеги тууралуу маалымат беришти. Алар биргелешкен геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө жана литий өндүрүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Мындан тышкары, KIGAM президенти республиканын аймагында литий карбонатын жана литий гидроксидин чыгаруучу завод куруу планын билдирди.
К.Шарлапаев Казакстан долбоорлорду ишке ашыруу үчүн мамлекет тарабынан зарыл колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Кошумчалай кетсек, кеңейтилген жыйынды Астанада өткөрүү чечими кабыл алынган.
Буга чейин КИГАМ «Казгеология» АК менен биргеликте Бакенное кендеринде геологиялык изилдөө жана геофизикалык иштерди жүргүзгөн. Бул кенге геологиялык чалгындоо жана өндүрүүгө лицензия берүү маселеси каралууда.
Сүрөт: республиканын өнөр жай жана курулуш министерствосу