Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Түркияга болгон расмий иш сапарынын алкагында Анкарада 29-январь күнү Түркия Республикасынын Айыл жана токой чарба министринин орун басары Абдулкадир Полат менен жолугушту.
Анда токойлорду калыбына келтирүү, токой өрттөрүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Түркия тарабы өрт коопсуздугун камсыз кылуу жана 2021-жылы өлкөнүн түштүк аймагында чыккан ири токой өрттөрүн өчүрүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп, өрттөн кийинки калыбына келтирүү иштеринде колдонулган натыйжалуу чаралар тууралуу маалымат берди.
Кыргыз тарап токойлорду коргоо жана калыбына келтирүү жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып, тажрыйба алмашуу, токой чарбачылыгын өнүктүрүү жана токой өрттөрүнө каршы күрөшүү боюнча Түркия тараптан колдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, адистерди даярдоо, токой чарбаларынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана өрт коопсуздугу жаатында тажрыйба алмашуу багытында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Бообек Ажикеев Түркиянын токой өрттөрүн алдын алуу жана өчүрүү боюнча бай тажрыйбасын эске алуу менен, Кыргызстан үчүн бул тармакта ментор болууну сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну бекемдөөгө, биргелешкен демилгелерди өнүктүрүүгө жана токой чарбачылыгы менен өрт коопсуздугу жаатындагы актуалдуу маселелерди чечүү үчүн конкреттүү кадамдарды жасоого макулдашты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/