20-январда Бишкекте зомбулуксуз коммуникация жана социалдык тармактарда SMM боюнча тренинг болуп өттү. Окутуу программасы БУУӨПтүн “Кастык тилинен зомбулуксуз коммуникацияга” колдонмосунун негизинде иштелип чыккан окуу модулунун негизинде түзүлгөн.
Семинарга журналисттер, блоггерлер, SMM-адистери, иллюстраторлор жана башкалар катышты.
Уюштуруучулардын айтымында, тренинг контент жаратуучулардын кастык тили жана анын кесепеттери тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу жана аны ар кандай контекстте таанып ажыратууга багытталган.
Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар социалдык тармактарда жана ЖМКларда жек көрүүчүлүк сөздөрдү колдонуу учурларын Рабат аракет планынын критерийлери менен өз алдынча талдоо боюнча интерактивдүү практикалык көнүгүүлөрдүн жардамы менен билимдерин бекемдешти.
Катышуучулар социалдык тармактарда кастык тилине жеке өздөрү туш болгон тажрыйбалары менен бөлүшүштү, айрымдары билип-билбей коммуникацияларында hate speech элементтерин колдонуп жүргөндөрүн моюнга алышты. Бирок мындан ары пайдаланбай тургандыктарын билдиришти.
«Катышуучулар социалдык тармактарда кастык тилине, көбүн эсе жумшак же орто варианттары колдонулса, дайыма эле көңүл бура бербестигин белгилешти. Ар бир сессия интерактивдүү форматта өттү: презентациялардан тышкары реалдуу кейстер, видео роликтер, таркатма материалдар жана оюндар болду. Бардыгы талкууларга активдүү катышып, топтордо иштешип, кызыктырган суроолоруна жооп алышты. Биз тренингдер боюнча катышуучулардан эң сонун пикирлерди алдык», – деди өз маегинде тренер Асел Сооронбаева.
Тренер белгилегендей, катышуучуларды «Мен-билдирүүлөр» принциби тууралуу тема өзгөчө кызыктырды. “Мен-билдирүүлөр” – бул адам өзүнүн ниети, көз карашы, абалы жана сезимдери жөнүндө башкаларды таарынтпоо жана күнөөлөбөөгө аракет кылган билдирүүнүн бир түрү. “Мен-билдирүүлөр” – бул чыр-чатактарды болтурбоого чакыруучу жакшы техника. Катышуучулар зомбулуксуз коммуникация принциптерин, конкреттүү учурда “Мен-билдирүүлөр” принцибин чындап колдонуу менен башкалар менен болгон байланышты гана эмес, жалпы жашоону жакшыртууга болоруна макул болушту. Асел Сооронбаева катышуучуларга өз тажрыйбасында зомбулуксуз коммуникация боюнча алган билими үй-бүлөсүндөгү жана жумуштагы кесиптештери менен болгон мамилени жакшыртууга кандайча жардам бергенин айтып берди.
Тренингдин экинчи бөлүгүндө катышуучуларга SMM тармагындагы билим жана көндүмдөр берилди. Бул чөйрөдө адис Азиза Мурзашева SMMдин социалдык маселелерди чагылдыруудагы маанисине кененирээк токтолду.
Катышуучуларга социалдык маанилүү темаларды козгогон социалдык мазмундагы блогдордун ийгиликтүү мисалдары тартууланды: Мээрим Осмонова – гендердик теңчилик жана феминизм; Исмаил Карыпов – климат жана экология ж.б..
Бул мисалдар блоггерлер социалдык көйгөйлөрдү жайылтуу жана коомдук колдоону талап кылган көйгөйлөргө көңүл буруу үчүн соцплатформаларды кантип колдонсо болорун көрсөттү. Маанилүү темаларды чагылдыруу үчүн негизги платформаларды (Instagram, Facebook, YouTube, Telegram) жана алардын функцияларын талдоо жүрдү.
Тренингдин катышуучуларынын бири «Марал FM» радиосунун өкүлү Азамат тренингдин жүрүшүндө алган билим жана көндүмдөр журналисттердин иши үчүн өзгөчө маанилүү деп эсептейт.
“Тренер Асел Сооронбаева кастык тилин талдоо жана ачыкка чыгаруунун ыкмаларын, ошондой эле ал кандай кесепеттерге алып келерин кызыктуу жана так түшүндүрүп берди. Ал эми SMM жаатында Азиза Мурзашевадан контентти социалдык тармактарда кайсы убакта жана кантип жайгаштыруу керектиги, ошондой эле окуя менен бөлүшүүдө чынчылдык жана жөнөкөй тилдин маанилүүлүгү тууралуу маалыматтарды алдым. Уюштуруучуларга терең ыраазычылык», – деди ал өз сөзүндө.
Тренингге ошондой эле укук коргоо органдарынын басма-сөз кызматкерлери катышты. Алар да өз ишинде алган билимдеринин жана көндүмдөрүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. Мисалы, колдонуучулар аларга ар кандай суроолор менен социалдык тармактар аркылуу көп кайрылышат. Эми алар Интернеттеги аудитория менен баарлашууда зомбулуксуз коммуникация принциптерин кантип колдонуу керектигин билишет.
Иллюстратор Жанайым Зарылбекова менен блогер Бегимай Бекенова Instagram социалдык тармагында башка айрым колдонуучулар тарабынан жек көрүүчүлүккө кабылып, ошол себептен аккаунттарын жабууга аргасыз болушканын айтып беришти. Эми алар кастык тилинин кандай формалары үчүн административдик жана кылмыш жаза жоопкерчилиги чегерилгенин билип алышты. Ушундай окуялар кайталанса, аларды коргой турган мыйзам бар экенин жана кимге кайрылууну эми билишет.
Ошентип катышуучулар тренингден ыраазы болуп тарашты. Эскерте кетсек, зомбулуксуз коммуникация жана SMM боюнча мындай семинарлар буга чейин Токмок, Раззаков, Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Балыкчы шаарларында өткөрүлгөн. Долбоор «Инновациялык лаборатория» коомдук бирикмеси тарабынан БУУӨПтүн колдоосу менен ишке ашып жатат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/