“Тазалыктын" кызматкерлери Бишкектин көчөлөрүн кардан тазалоодо
Бишкек шаарында аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери карды тазалап, туз себүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Борбор калаанын жолдорун тазалоого 45 даана КДМ (комбинацияланган автотранспорт), 3 даана ХОВО, 2 даана алдыңкы жүктөгүч жана 22 даана “Беларус” үлгүсүндөгү щетка, күрөктүү тракторлор жолдорду тазалоодо.
Ошондой эле ишкананын 700дөн ашык кызматкерлери тротуарларды, жолдордун бордюрларын тазалашат.
Учурда ишканада 2 280,43 тонна туз бар.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/