Май айынын аягында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кытайдагы Соода өкүлчүлүгү Синьцзян Синь Лонг корпорациясынын бизнес-делегациясынын Бишкекке иш сапарын уюштурду.
Делегациянын өкүлдөрү менен КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев жолугушту. Кытайлык өнөктөштөр корпорациянын илимий жана инновациялык индустриалдык парктарды куруудагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришти.

актап айтканда, корпорация Кытайдын Үрүмчү шаарындагы жалпы аянты 300 000 чарчы метрден ашык индустриалдык парктын ээси, анда 200 ири жана орто компаниялар иштейт.
Кытайлык корпорация Кыргызстанда индустриалдык парк курууга кызыкдар экенин билдирди.
Министрдин орун басары демилгени колдоп, Кыргызстан бул долбоорду ишке ашыруу үчүн керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи. Мындан тышкары Назарбек Малаев республикада биргелешкен өнөр жай ишканаларын ачууну сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында КР Экономика жана коммерция министрлиги менен «Синьцзян Синь Лонг Корпорейшн» ААК ортосунда Кыргызстанда индустриалдык паркты жана эки өлкөнүн аймактарында бажы кампаларын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Бажы кампасы – импорттук товарлар бажы контролу астында сакталган, бирок лицензиясыз жана сактоо мөөнөтүнө товарларга квоталар колдонулбастан бажы алымдары, кошумча нарк салыгы жана акциздик салыктар алынбаган кампа.
Сүрөт: КР Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы