Жол ачык, каттам бар. Өлкө ашууларындагы абал
Бүгүн, 30-январга карата өлкөнүн ашууларында каттам бар, жолдор ачык, деп билдирет Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалымата ылайык, министрликке караштуу “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканалары тарабынан инерттик материалдарды чачуу, тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө.
Жолчулар атайын кезметке туруп, өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын себүү жумуштарын аткарып жатышат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/