ЖК Азамат Жамангуловду санариптик өнүктүрүү министри кызматына дайындоого макулдук берди – ИА Караван Инфо
ЖК Азамат Жамангуловду санариптик өнүктүрүү министри кызматына дайындоого макулдук берди

Жогорку Кеңештин 30-январындагы жыйынында КР санариптик өнүктүрүү министри кызматына Жамангулов Азамат Саадатбековичти дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана министрлер кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкер тууралуу маалымат берип, КР президентинин сунуштамасы менен тааныштырды.  

Депутат Дастан Бекешов санариптештирүү жаатында өлкөдө бир топ маселе бардыгын эске салып, талапкердин алдыдагы иш-пландарын сурады.

Ошондой эле депутат мамлекеттик органдардагы бирдиктүү маалыматтык системаны колдонуу жана ишке ашыруу кемчиликтерин жоюу сунушун айтты.  

Депутат Бакытбек Марипов балдарга жөлөк пул алууда даярдалуучу тактамаларды электрондоштуруу, кагаз иштерин кыскартуу жаатындагы маселелерди белгиледи.

Эл өкүлү Балбак Түлөбаев санариптештирүүнү айылдарда толук кандуу ишке ашыруу, “Түндүк” электрондук кызмат көрсөтүү порталын өнүктүрүү багытындагы маселелерди көтөрдү.

Ал эми депутат Алишер Козуев мамлекеттик банктардын электрондук кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу, мамлекеттик тиркемелерди иштеп чыгуу багытындагы суроолорду берди.

Депутат Акбөкөн Таштанбеков министр кызматына талапкердин көңүлүн биринчи кезекте архивдерди санариптештирүүгө бурду.  

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Азамат Жамангуловду Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: