Кыргыз Республикасы менен Япониянын кызматташтыгы — ИА Караван Инфо
Кыргыз Республикасы менен Япониянын кызматташтыгы

4-июнда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов Япониянын Тышкы иштер боюнча мамлекеттик катчысы, Япониянын Тышкы иштер министрлигинин улук вице-министри Киото Цудзи менен жолугушту.

Санжар Болотов Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көбөйгөнүн белгилеп, ошону менен бирге япон рыногуна кыргыз продукциясын жеткирүүнүн көлөмү аз экенин белгиледи.

 Экономика министринин орун басары биргелешкен күч-аракетти кыргыз продукциясынын Японияга экспорттук потенциалын жогорулатууга багыттоону сунуштады.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап атамекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү максатында түзүлгөн КР Экономика министрлигине караштуу Кыргыз экспорттук борборунун презентациясын өткөрдү.

Өз кезегинде Киото Цудзи кыргыз-япон мамилелерин өнүктүрүүдө олуттуу жылыш бар экенин белгиледи. Ал Токио менен Бишкектин маалымат-коммуникациялык технологиялар тармагындагы кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Япониянын мамлекеттик катчысы эки өлкөнүн IT-компанияларынын кызматташтыгы инвесторлорду тартуу үчүн маанилүү документ болгон Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү боюнча макулдашууну түзүүгө негиз түзөөрүнө ишеним билдирди.

Тараптар ар тараптуу экономикалык кызматташтык үчүн келишимдик-укуктук базаны иштеп чыгуу, анын ичинде Кош салык салууга жол бербөө жөнүндө макулдашуунун долбоорун түзүү боюнча иштерди талкуулашты.

Буга чейин, 2023-жылдын ноябрь айында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Японияга расмий иш сапары менен барган.

 Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркы менен Япониянын Билим капиталы ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.

error: