Нарын облусунда 2024-жылы 90 ишкана ачылган
Нарын облусунда 2024-жылы өндүрүш, кайра иштетүү, тейлөө багыттында 90 чакан ишкана ачылган. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы 1 миң 237 жаңы жумушчу орду түзүлдү.
“2023-жылга салыштырмалуу 22 ишканага жана 70 жумуш ордуна көп түзүлдү”, – деп айтылат маалыматта.
Анын ичинде Ат-Башы эл аралык логистикалык борборундагы «Нарын мото» заводу ишке кирип ,алгачкы продукцияларын өндүрүп жатат. Курулуш тетиктерин, темир-бетон, нан чыгаруучу, этти, сүттү кайра иштетүүчү ишканалар ачылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/