Өзбекстандын вице-премьер-министри, экономика жана каржы министри Жамшид Кучкаров баштаган делегация Анкара шаарындагы (Түркия) Түрк палаталар жана биржалар биримдигинин имаратында өткөн өзбек-түрк бизнес форумуна катышты.

Жогорку деңгээлдеги форумга 500 катышуучу, анын ичинде эки өлкөнүн бизнес коомчулугунун өкүлдөрү, инвесторлор, эл аралык эксперттер жана адистер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө түркиялык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Негизги маселелер мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, менчиктештирүү, тоо-кен жана геология тармагындагы жаңы долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле эки өлкөнүн аймактар аралык кызматташуусу болду.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча сессиянын жыйынтыгында түркиялык 10 фирма менен өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду. Өзбекстан Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин өкүлдөрү 2024-2025-жылдары жарыяланышы күтүлүп жаткан тендерлерге түрк ишкерлерин тартууга багытталган презентация жасашты.
Форумдун жыйынтыктоочу бөлүгүндө катышуучуларга Өзбекстандын текстиль, зергерчилик, курулуш, булгаары жана башка өнөр жай продукцияларынын көргөзмөсү көрсөтүлдү. Бизнес-форумдун алкагында B2B форматындагы жолугушуулар (Эскертүү: бизнес өкүлдөрүнүн бизнес өкүлдөрү менен жолугушуулары) өткөрүлдү, бул тыгыз жана өз ара пайдалуу кызматташуунун конкреттүү маселелерин кеңири талкуулоого мүмкүндүк берди.
Форумдун жүрүшүндө Өзбекстан менен Түркиянын экономикалык жана ишкердик чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө багытталган бир катар макулдашууларга жетишилди. Белгилей кетсек, 2017-2023-жылдары Өзбекстанда Түркия менен бизнес жүргүзгөн ишкердик субъекттеринин саны эки эсеге көбөйүп, дээрлик 5200 компанияны түзгөн.
Бул фирмалар энергетика, курулуш, текстиль, туризм, фармацевтика, саламаттыкты сактоо, айыл чарба жана курулуш материалдарын өндүрүү тармактарында иш алып барышат.
Сүрөт: UzDaily.uz