Бишкекте Сансызбек Мирзираимовдун “Убакыттын баасы” аттуу жеке көргөзмөсү ачылат – ИА Караван Инфо
Бишкекте Сансызбек Мирзираимовдун "Убакыттын баасы" аттуу жеке көргөзмөсү ачылат

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде 4-февралда Сансызбек Мирзираимовдун “Убакыттын баасы” аттуу жеке көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу музейден кабарлашты.

Мирзираимов Сансызбек Эрназарович 1982-жылы 5-февралда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кош-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. 1999-жылы орто мектепти, ал эми 2003-жылы С.А.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт окуу жайынынын станоктук живопись факультетин бүтүргөн. 2005-жылдан тартып улуттук жана эл аралык көргөзмөлөргө катышып келет. 2007-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр бирлигинин (союзунун) мүчөсү болуп саналат.

Мирзираимов Сансызбектин сүрөттөрүндөгү эң кубаттуу жагы түс болуп эсептелет. Ал ошол түстөрдөн баарын: татаал, бири-бирине билинип-билинбес аралашкан ийкемдүү нюанстарынан тартып олуттуу каныккан, түстөрдүн кескин контрастарына чейинкилерди сыгып алат. Сансызбектин чыгармаларынын колорити оболу декоративдүү, ошол эле учурда ал сүрөтчүнүн бизди курчап турган чөйрөнүн сулуулугун жана турмуш кубанычтын ачыктаган сезимдеринин бүтүндөй палитрасын өткөрүп берет.

Мирзираимов Сансызбектин стили ишенимдүү, көркөм, сүртүмдүү, жан дүйнө ачылыштарынан жаралган, белгисиз, бирок толкунданткан келечекке, бир эле учурда өткөн мезгил менен өтүп жаткан учурга азырган болуп саналат. Сүрөтчүнүн чыгармалары автордун сезимдеринин импульсивдүү кыймылдарынан келип чыккан кубаттуу энергеткасы менен өзүнө тартат. Автор өзүнүн өзгөчө түстүк көрөгөчтүгү менен көңүлдү бурат. Ал холстун жалпак бетин ачык, каныккан түстөрдүн чоң массалары менен уюштурууну мыкты өздөштүргөн. Алардын айкалыштыктарынын кооздугун ал кара сызыктар, чекиттер, кочкул калың түстөр же татаалдашкан ак түстүн кылдат нюанстары менен баса белгилеп келет. Анын чыгармалары айрым учурларда бруталдуу, архаикалык жана динамика менен, ал эми айрым учурларда назик поэзия, тынч капалануу же жаркыраган кубаныч менен толукталган.

Анын чыгармалары Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде (Кыргызстан), ошондой эле Кытай, Франция, Англия, АКШ, Россия, Казакстан жана башка мамлекеттердин жеке коллекцияларда жана галереяларында сакталууда турат.

Көргөзмө 4нөн 20-яевралга  чейин уланат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: