Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада бүгүн, 31-январда “Эр Манаска мураскер, келечекке данакер – Топчубек Тургуналиев” аталышындагы коомдук-саясий ишмер, манас таануучу, “Манас” улуттук академиясынын негиздөөчүсү Топчубек Тургуналиевди эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу “Манас” улуттук академиясынан билдиришти.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Баатырлары Медеткан Шеримкулов, тарыхчылар, илимпоздор катышты.
“Топчубек Тургуналиев кыргыз коомчулугунда өзгөчө орду бар, коомдук-саясий ишмер, окутуучу, илимпоз катары маданиятка, тарыхка, билим берүүгө өзгөчө эмгек сиңирип кетти.
Топчубек Тургуналиев “Манас” эпосун жайылтууда опол тоодой салым кошкондордун бири. Алсак, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Манас таануу” институтун ачууда ошону менен катар “Манас” жана Ч. Айтматов атындагы улуттук академияны ачып, негиздөөдө эмгеги ат көтөргүс. Аксакал катары калыстык кебин айтып, өз пикири, үнү менен өчпөс тарых жасады”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев 2023-жылдын ноябрында 82 жаш курагында каза болгон.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/