Ысык-Көл облусунун башчысы суу түтүктөр ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов бүгүн, 31-январда Каракол шаарынын суу түтүктөр ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, шаар тургундарын таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти.
Ишкана жетекчиси шаардагы суу түтүктөрүнүн учурдагы абалы, аткарылып жаткан иштер жана чечүүнү талап кылган маселелер боюнча маалымат берди.
Облус башчы жеринде тиешелүү мекемелерге суу түтүктөрүнүн эскирген бөлүктөрүн жаңылоону тездетүү, авариялык абалдарды алдын алуу жана суу тармагындагы тейлөө сапатын жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/