Ош облусунун Кара-Суу районунда жеңил жүк ташуучу автоунаалар чогултулуп баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка караганда, ишкана чет элдик инвесторлордун колдоосу менен негизделип, Ынтымак айылындагы мурдагы тамеки заводунун аймагында жайгашкан. Учурда өндүрүш процесси башталып, тетиктер Кытайдан сатып алынууда. Алдыда аларды да сырттан сатып албай, өздөрү өндүрүүнү пландоодо.
Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев 29-январда заводдун ишмердүүлүгү менен таанышып, инвесторлор менен жолукту. Анда өндүрүштү кеңейтүү жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жеңил жүк ташуучу унаалардын техникалык мүнөздөмөлөрү:
– Көлөмү – 2.4;
– Жүк көтөрүмдүүлүгү – 1.5 тонна.
Завод толук ишке кирсе жылына 10 миң даана автоунаа чыгара баштайт. Ошондой эле 200 жаңы жумуш орду түзүлөт. Өндүрүштүн жетекчиси Ян Бао Гуо жеңил жүк ташуучу автоунаалардан сырткары электробустарды жана жеңил машиналарды чогултуучу ири завод курууну пландап жатканын билдирди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/