Жалал-Абад облусунда байыл 130 миң акылдуу эсептегич орнотулат – ИА Караван Инфо
Жалал-Абад облусунда байыл 130 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Жалал-Абад электр тармактар ишканасында 2025-жылдын ичинде 130 миң акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, азыркы мезгилде 8000 даана Жалал-Абад ЭТИнин кампасына келип түшүп, Сузак, Базар -Коргон райондорунун жана Кара-Көл, Майлуу-Суу шаарларынын жашоочуларынын санына ылайык бөлүштүрүлүүдө.

Учурда жогоруда аталган район – шаарларда энергетиктер акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен, керектөөчүлөрдүн эсептегичтерди иштетүүсү боюнча түшүндүрүү иш- чаралары жолго коюлган.Мисалга алсак, 5 кВт электр энергиясынын баарын бир убакта сарптаганда жарык өчүүсү, жандыруу кандай жүрөт, булардын баарын эсептегичтерди орнотуу учурунда кызматкерлер иштетүү жолдорун түшүндүрүп беришүүдө.

Алсак, быйылкы жылы Базар -Коргон району боюнча 31 000 акылдуу эсептегич орнотулат.Учурда энергетиктер райондун Колот айылынан баштап, 360 даана эсептегич орнотту. Ар бир электр эпкери күнүнө 10 даанадан эсептегич алмаштырууда.

Эске салсак, өткөн жылы Жалал-Абад шаары пилоттук программа катары ишке ашып, анда 25 277 даана орнотулган. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: