«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору жумуш сапары менен Ошко барды – ИА Караван Инфо
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору жумуш сапары менен Ошко барды

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Алтынбек Рысбеков жумуш сапары менен Ош электр тармактары ишканасында болду.

Башкы директор Ош электр тармактар ишканасынын актылар залында жыйын өткөрүп, ишкананын ийгиликтерин, жетишкендиктерин айтып, 2025-жылга карата пландуу иштер боюнча бир катар маселелерге токтолду.

Акылдуу электр эсептегичтерди орнотуу, күз-кышка даярдык боюнча ремонт иштери, капиталдык курулуш иштери жана жалпы жумуштар боюнча өз убагында иш алып баруу жана бүтүрүү боюнча тапшырмаларды берди.

Ошондой эле, жумуш сапардын алкагында облус аймагындагы анын ичинде Ош шаарындагы акылдуу электр эсептегичтердин коюлушу боюнча аткарылып жаткан иштерден жеринен кабар алып, сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү боюнча милдеттендирип,  мекеменин кызматкерлеринин жана Ош облусунун тургундарынын суроолоруна жооп берди. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: