Ошто келин беш баласы менен иске ууланып, беш жаштагы баласы каза болду. Бул тууралуу Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 1-февралда Ош шаарынын Амир-Темир көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде болгон. Милицияга саат 12:00дө кабар түшкөн.
“33 жаштагы келип 3 кызы жана эки балсы менен Ош шаардык жана Ош облустук балдар аралык ооруканага жеткирилген. Тилекке каршы, 2020-жылы туулган М.М. баланы сактап калууга мүмкүн болгон жок. Балдардын апасы жана калган балдары дарыланууда”, – деп айтылат маалыматта.
Окуя Ош шаарынын ички иштер башкармалыгына катталып, тергөө кызматы тарабынан текшерүү иштери жүрүүдө.
Тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тергөө кызматынын алгачкы маалыматына ылайык үй-бүлө көмүр газына ууланган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/