Кыргызстанда 2025-2026-жаңы окуу жылынан тартып билим берүү системасы 12 жылга өткөрүлөт. Ага ылайык, мындан ары 1-класска балдар 6 жаштан кабыл алына баштайт.
Балдардын эмоционалдык, психологиялык жана физиологиялык жактан өнүгүүсү ар кандай болоору белгилүү, буга байланыштуу 6 жаштагы балдарга билим берүүнүн өзүнчө программасы түзүлүүдө. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын Мектепке чейин жана башталгыч мектептик билим берүү лабораториясынын ага илимий кызматкерлери Айдай Бекбоева билдирди.
Белгилей кетсек, 2024-жылы Министрлер Кабинети 12 жылдык билим берүү системасына өтүү боюнча атайын концепция кабыл алган. Анын негизинде Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан “Алтын Казык” программасы иштелип чыккан.
Айдай Бекбоеванын айтымында, Кыргыз билим берүү академиясы 6 жаштагы балдарды мектепке даярдоо боюнч стандартты жазып бүтүп, учурда программалардын үстүндө иштөөдө.
“6 жаштагы бала 1-класста окууга даяр болушу үчүн биринчи кезекте колунун булчуңдары жазууга көнүшү керек. Андан соң эмоционалдык жана физиологиялык даярдыгы маанилүү. Бала мектепке келгенде башка чөйрөгө туш болот. Бала бакчага, даярдоо курстарына барган балдардын кандайдыр бир деңгээлде даярдыгы болот, ал эми үйүнөн түз мектепке келген балдарды даярдоо иши 1-класска жүктөлүп калат. 6 жаштагы балдарды окутууга программа түзүүдө бул курактагы балдардын өзгөчөлүгү эске алынып, алардын мектепке болгон кызыгуусун сактоого басым жасалды. Азыркы пландоолор боюнча, 1-класс 45 мүнөт эмес, 30 мүнөттөн окутулуп, жарым жылга чейин кыймылдуу-өнүктүрүү сабактары болот. Тамгаларды, сандарды жазуу үчүн балдардын кол булчуңу даяр болушу керек. Аны даярдоо үчүн сүрөт тартуу, сүрөттөрдү боео, пластилинден ар кандай нерселерди жасоо, кесип, чаптоо жумуштарын көбүрөөк аткартуу зарыл болот. Бул кол булчуңун да көнүктүрөт, ошол эле убакта балдардын сабакка болгон кызыгуусун арттырып, мектепке тартылуусун камсыздайт. Жарым жылдан кийин негизги билимге акырындык менен өтүшөт. Ошондой эле баланын физиологиялык жактан өнүгүүсү боюнча да көп ой пикирлер бар. Анткени, бала биринчи класска келгенде сумкасын көтөрө алабы, аны да кароо керек”, – деди Айдай Бекбоева.
Ал белгилегендей, бала үчүн жаңы чөйрө болгон мектепке көнүктүрүү үчүн ата-эне-бала-педагог чогуу иштөөсү тийиш.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/