Бүгүн, 3-февралдагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «2024-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Реджеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип башкаруу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркия Республикасында билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.
Жыйында баяндама жасаган Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов белгилегендей, Макулдашууда OSYM (студенттерди тандоо жана ишке орноштуруу борбору) бөлүштүрүлгөндөн кийин Түркияда жылына эң көп дегенде 20 кыргыз дарыгерин медициналык адистештирүү боюнча даярдоону камсыз кылууну, ошондой эле Кыргыз Республикасында дарыгерлерди жана медициналык адистиктерди даярдоо үчүн окуу программаларын өркүндөтүүнү колдоону, кыргыз-түрк достугу ооруканасын биргелешип пайдалануу аркылуу Кыргыз Республикасынын Коомдук саламаттык сактоо мекемелерин башкарууга жана каржылоого жаңы принциптерди жана программаларды өткөрүп берүү максаттары каралган.
Муну менен катар ушул Макулдашуунун шарттарына ылайык, оорукананы биргелешип пайдалануу беш жылга узартылат жана ар бир 5 жылга Түркия тараптан 32 000 000 АКШ доллары өлчөмүндө кошумча бюджет бөлүнөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/