2024-жылдын 3-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министринин орун басары Санжар Болотов менен Болгария-Азербайжан Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Димитар Братановдун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун максаты эки өлкөнүн бизнес чөйрөсү менен кызыкдар мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты аныктоо маселелерин талкуулоо болду.

Бул иш-чарага ошондой эле Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун теңтөрагалары Алмаз Мамбетов, Игбал Бабаев, түрдүү уюмдардын өкүлдөрү, анын ичинде Кыргыз геология башкармасы, Соода-өнөр жай палатасы, Кыргыз Республикасындагы Туризмди колдоо жана өнүктүрүү фонду, Кыргыз Республикасынын Туризм департаменти, Бишкек штамптоочу комбинаты.
Жолугушууда министрдин орун басары Санжар Болотов Димитар Братановго Кыргызстанга жасаган иш сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун өлкөлөр ортосундагы соода-инвестициялык байланыштарды чыңдоо боюнча жүргүзүп жаткан иштерине жогору баа берди. Болгария менен кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Диалогдун жүрүшүндө Бишкек жана София шаарларында өкүлчүлүктөрү менен эки тараптуу соода-өнөр жай палатасын уюштуруу сунушталды.
Ошондой эле соода жүгүртүүнү кеңейтүү, эки тарапты кызыктырган товарларды чыгарууда кызматташуу, туризм маселелери, баалуу металлдарды казып алуу боюнча концессиялар жана транспорт коридорлорун изилдөө маселелери талкууланды.
Жыйынтыгында тараптар ар түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти, бул Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү каалоосун айгинелейт.
Сүрөттө: Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлиги