Энергетика тармагын санариптештирүүнүн алкагында, ошондой эле электр энергиясын бөлүштүрүүнүн, электр энергиясын контролдоонун жана эсепке алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында “КУЭТ” ААК филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасы 2025-жылы 28 000 АИСКУЭ “акылдуу” эсептегичтерди (электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган системасы) орнотууну пландаштырган.
Энергетика министрлигинен кабарлашкандай, бүгүнкү күндө “Ак-Ордо” жаӊы конушунда 4 560 “акылдуу” эсептегичтерин орнотуу иштери башталды. “Ак-Ордо” жаӊы конушунун тургундары энергетиктерге ыраазычылык билдирип, иштерине ийгилик каалашты.
Акылдуу эсептегичтерди орнотуу менен керектөөчүлөрдү тынчсыздандырбай эсептегичтин маалыматтарын аралыктан алуу, керектөөчүлөрдү аралыктан өчүрүү менен кийин күйгүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарында “акылдуу” эсептегичтерди орнотуу иштери 2012-жылы башталган. Азыркы учурда Бишкек шаары боюнча 136 000 ден ашык АИСКУЭ эсептегичтер орнотулган. Алардын ичинен 86 180 бир фазалуу жана 49 884 үч фазалуу эсептегичтер.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/