Кайрат Эгембердиев КР Спорттук лигасынын президенти болуп дайындалды.
Кайрат Эгембердиев КРнын Спорттук лигасынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.
Белгилей кетсек, Кайрат Эгембердиев ата-мекендик «Шоро» компаниясынын жетекчиси катары футболду көптөгөн жылдар бою ар тараптуу колдоп келет.
Маалымат үчүн: Эгембердиев Кайрат – Кыргыз футбол биримдигинин Аткаруучу комитетинин мүчөсү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук курама командасынын расмий демөөрчүсү болгон «Шоро» компаниясыны генералдык директору. Ал эми Спорттук лига – Кыргыз Республикасындагы футбол ышкыбоздору арасындагы мелдештерди уюштурууга жооптуу уюм.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/